Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1147056
Тарыхта бүгүн

*** 1926 -  17 -  февралда түрк жарандык мыйзамы кабыл алынды. Осмондук мезгилинде ишке кирген, исламдык мыйзам эрежелерин камтыган «Межелленин» ордун алган жарандык мыйзам көпкө созулган иликтөөлөрдүн акырында Швейцария жарандык мыйзамдын чыгарылышынын негизги себеби Европада акыркы болуп даярдалган жарандык мыйзам болушу, демократ болушу жана аял  - эркек теңдигине таянышы эле.

Жаңы эле курулган жаш Түркия республикасында кабыл алынган бул жарандык мыйзам менен расмий нике жана бир жубай алуу мажбур абалга алып келинди, мурас тууралуу түзөтүүлөр киргизилди. Патриархат жана консулдутардын соттук жоопкерчиликтери акырына чыгып, өлкөдө мыйзам биримдиги түзүлдү.

*** 1933 -  жылы 17 -  февралда кыргыз акын жана композитору Токтогул Сатылганов дүйнөдөн кайтты. 13 жашында ыр жаза баштаган Сатылганов жалпысынан насыят түрүндө ырларды жараткан. Кыргыз маданиятына кошкон салымынан улам Кыргыз Ммалекеттик Филармониясына, түрдүү мекемелерге жана мектептерге аты берилген. Өнөр жана адабият тармагында анын аты менен Кыргыз Мамлекеттик сыйлыктар берилди.

*** Ли Фалк тарабынан жаратылган «Кызыл маска» 1936 -  жылы 17 -  февралда АКШда бир гезитте жарыялана баштады. Кызыл маска алгачкы учурларда ак кара болуп басылды. Андан кийин кээ бир өлкөлөрдө кочкул кызыл түстөгү кийим менен жарыяланса да акырында бүткүл дүйнөдө кызыл кийим менен таанылды.

Кызыл маска образы 400 жыл мурун кемеси каракчылардын кол салуусуна учураган, жалгыз өзү кургактыкка чыккан, пигмейлер тарабынан дарыланып; өмүрүн  каракчылык, зулумчулук менен күрөшүүгө атаган жаш бир адамдын уламышына таянат.

*** 1959 -  жылы 17 -  февралда Түркия республикасынын премьер  - министри Аднан Мендерес жана коштоосундагыларды Лондонго алып барган учак Гатвик аэропортунун жакындарында кырсыкка учурады. Кипр сүйлөшүүлөрү үчүн Лондонго барган делегацияны ташыган учак тумандын айынан мажбур түрдө конууга аракет кылды бирок буга мүмкүнчүлүк болбостон токой аянтына түштү. Кырсыкта премьер  - министр Аднан Мендерес кутулуп, араларында Түркиянын расмий маалымат агенттиги болгон Анадолу агенттигинин башкы директору Шериф Арзык да болгон 14 киши каза тапты.

 

 



Тектеш кабарлар