Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 12

Кайсериде «Танка ооруканасы»

1103675
Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор  - 12

    

 

Түркияда аскердик заводдор маанилүү бир тажрыйбаны билдирет. Коомдук иш жери болгон аскердик заводдор адам күчү, алып барган иштери, мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүгүнөн улам чоң мааниге ээ. Түркия аскердик операцияларында жана террор менен күрөшүндө мунун маанисин дагы жакындан сезип жатат. Кайсеридеги  2 -  Негизги тейлөө заводунун директорлугун куруу иштери 1951 -  жылы башталган. Бул завод 1954 -  жылы 1020 -  негизги оңдоо заводу деген ат менен Кайсериде ачылган. Командирликтин аты 1987 – жылы 1009 – Негизги оңдоо заводу, 2003 -  жылы 2 -  Негизги оңдоо борбору командирлиги жана 2016 -  жылы болсо 2 -  Негизги оңдоо заводунун дирекорлугу болуп өзгөртүлгөн жана бүгүнкү атын алган. Заводдо 800гө жакын киши эмгектенет. Булардын 480ни жумушчу, башкалары болсо офицер, старшина жана жарандык кызматкерлерден турат. Башкаруусу жана иштегендери менен маанилүү ийгиликтерге кол коюп жатышат.

Түрк Харб  - иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тууралуу  маалыматы...

2 -  Негизги оңдоо заводунун директорлугу түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарындагы унааларды оңдоо, жаңылоо, модернизациялоо, запастык бөлүктөрдү чыгаруу иштерин аткарат.  Гусеницалуу унаалар ; танкалар, ок өткөрбөс кызматкерлерди ташуучу унаалар (ZPT), ок өткөрбөс аскердик унаалар (ZMA), ок өткөрбөс ылайда жүрүүчү унаа сыяктуу унаалар. Өзгөчө бардык аскердик бөлүктөргө колдоо берген завод. Кайсери 2 – негизги оңдоо заводунун директорлугу тарабынан жүргүзүлгөн башка милдеттери болсо булар :

  1. Гусеницалуу унааларга таандык запастык бөлүкчөлөрдү чыгаруу,
  2. Гусеницалуу унааларга таандык мотор жана күйүүчү майды анализдөө,

        3. Электрондук жана механикалык приборлорду калибрлөө,

       4. Дос жана союздаш өлкө кызматкерине кесиптик билимдин берилиши,

      5. Астыңкы бөлүктөргө кеңешчилик  колдоонун берилиши.

М  - 60 Т танкалары толугу менен жаңыланды

Курулушунан бери гусеницалуу унааларды жаңылоо, модернизациялоо иштеринен алган маалымат тажрыйбасы менен 2000ден ашуун M48AT1-T2 танкасынын модернизациясын, ТАМАЙ танка куткаруучунун, аскердик корабль (İSA), Кайар Көпрүжү танкасынын өндүрүлүшүн ийгиликтүү ишке ашырды. Өзгөчө 2000ге жакын бензин менен иштөөчү M113 ZPT унаасы дизелдик күч группасы, күйүүчү май жана башка каражаттар менен модернизациялап, перформансын арттырган жана M113 A2T2 моделине айландырган. Бул унаалардын бир бөлүгү түрк куралдуу күчтөрүнүн кызмат муктаждыктарынын негизинде аскердик корабль, ок өткөрбөс траспорттор, тез жардам унаасы, өрт штабы жана ок өткөрбөс командирлик унаасына айландырууда ийгиликтүү болгон. Акыркы жылдарда болсо M60T танка модернизациясы менен MLC 70 классындагы Каяр Көпрүжү танкасынын өндүрүшүн акырына чыгарышкан. М 60Т танка модернизациясы долбоорунда биринчи жолу бир түрк танкасына «Ок өткөрбөс жарылуучу реактив» жөндөмдүүлүгүн киргизген. Негизги оңдоодо гусеницаларын алмаштыруудан тулкусуна, мунарасынан курал системаларына чейин модернизацияланган 170 даана М  - 60 танкасынын моделдерине түрк дегенди чагылдырган «Т» тамгасы кошулду жана булар түрк куралдуу күчтөрүнүн инвентарына «М  - 60Т» деп кирди. Башка бир сөз менен айтканда М  - 60 Т танкалары жаңыланып, куралдуу күчтөрүнүн буйругуна берилди. Өзгөчө танкалар модернизациялангандан кийин борбордо түзүлгөн суу бассейни, машыктыруу рампасы сыяктуу атайын тармакта түрдүү тесттерден өткөрүү мүмкүнчүлүгү да бар. Азыр да Кайсери 2 -  негизги оңдоо заводунун директорлугунда  өрттү колдоо автоматизация  долбоору   (ADOP-2000) менен бирге Леопард 2А4 танкаларына анти  - танка жөндөмдүүлүгүн алып келүү долбоору болсо улантылууда.

Операцияларда колдоо берген иш жери

Кайсери  2 -  негизги оңдоо заводунун директорлугу 2016 -  жылы аткарылган «Ефврат калканы» жана 2017 -  жылы аткарылган «Зайтун бутагы» операциясы менен Афринде аткарылган операцияга Кайсери борборунан запастык мотор  - конфигурация, запастык бөлүк, жалпы материал өткөрүп колдоо берген. Ошол эле учурда оор зыян тарткан гусеницалуу унааны оңдоо борбору катары активдүү кызмат кылган. Бул операцияларды колдоо үчүн  аскердик иш жеринде эки тараптуу смена менен иштеп өндүрүш, жаңылоо жана оңдоо көлөмү эки эсеге чыгарылды. Өзгөчө операция аймагында оор зыян тарткан гусеницалуу унаалардын керек болсо өлкө ичинде, керек болсо чек аранын тышында оңдоо, куткаруу иштеринде аймакка жиберген көчүп жүрүүч топтордун жардамы менен операция башталган биринчи күндөн бери колдоосун улантты. Бул аскердик иш жерлеринен жумушчулар жана башка аскердик кызматкерлер көчүп жүрүүчү топтор менен «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» операциясы менен Афринде аткарылган операцияларга турган жеринен кийлигишкен.

Көп сандаган сапат документине ээ сыйлыктуу иш жери

Кайсери 2 -  негизги оңдоо заводунун директорлугу дизайн жана өндүрүш иштерин камтыган AQAP-2110 (Дизайн, өнүктүрүү жана өндүрүү үчүн НАТО сапаттык ишеним негиздери) НАТО индустриялык сапат ишеним система документине бардык ишин экологиялык мыйзамдуулукка ылайык жүргүзгөндүгүн көрсөткөн TS EN ISO 14001 экологиялык башкаруу системасы документине  эмгектик саламаттык жана коопсуздук мыйзамдуулугуна шайкештик көрсөткөн OHSAS 18001 эмгектик саламаттык жана коопсуздук документине ээ. 2 -  негизги оңдоо заводунун директорлугунун негизги милдеттеринин жанында сапаттык иштерине да маани берүүдө. 2017 -  жылы 4 -  мартта Түркия сапат коомуна юридикалык мүчө болгон жана 2017 – жылы 18 -  октябрда болсо Улуттук Сапат Кыймылына кол койгон биринчи Аскердик завод деген наамга ээ. Улуттук коргоо министрлиги тарабынан эксперимент завод болуп тандалган 2 -  негизги оңдоо заводунун директорлугу аткарган иштер жана даярдыктар тууралуу «Үч жылдыз мыктылык документин» алуу укугуна ээ болгон.

 

 



Тектеш кабарлар