Түркияда COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн киргизилген чектөөлөр жеңилдетилди

Бул туралуу 4-май 2020-жылы Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган видео-конференция форматында Министрлер кабинети менен кезектеги чогулушунан кийинки маалымат жыйында жарыялады.

1412369
Түркияда COVID-19 илдетине каршы күрөшүү үчүн киргизилген чектөөлөр жеңилдетилди

Президент Режеп Таййип Эрдоган бүткүл дүйнөгө таасир эткен COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө Түркия илдетти аныктоо жана айыктыруу боюнча өзүнүн моделин иштеп чыгып, каза болгондордун аз болушу жана оорунун жайылышын токтотуу менен үлгүлүү мамлекет болгонун белгиледи. Ошондой эле оор абалдагы жана дем алуу аппараты менен жаткан бейтаптар азайып, илдеттен айыккандар көбөйүп жатканын кошумчалады.

        Коронавирус менен күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралардан жабыр тарткандарга атайын финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүү программаларынын негизинде 200 млрд. түрк лирасынан (5-май 2020-жылга карата 1 АКШ доллары 7,05 түрк лирасына барабар) ашык жардам көрсөтүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле, Социалдык жардам программасы аркылуу 4 млн. 400 миң жаранга 1000 лирадан акчалай жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары чет өлкөдөн 65 миңге жакын Түркиянын жараны өлкөгө алынып келингенин белгилеп өттү.

        Президент Эрдоган Улуттук тилектештик демилгеси аркылуу учурда 1 млрд. 910 млн. лира топтолгонун маалымдады.

Беткаптан баштап коргоочу костюм, тест системасы жана дем алуу аппаратына чейин бардык жабдыктарды АКШ башында турган 57 мамлекетке жөнөтүп, жардам көрсөткөнүн белгилеген Президент Р.Т.Эрдоган акыркы жолу Сомалиге башка жабдыктар менен бирге Түркиянын өзүндө өндүрүлгөн дем алуу аппараты гранттык негизде жиберилгенине токтолду.

        Көптөгөн өлкөлөрдө эпидемия толук бойдон жок болбогондугуна байланыштуу эл аралык саякаттар толугу менен качан башталаары белгисиз экенин билдирди. Вице-президенттин координациясы менен бардык министрликтердин катышуусунда нормалдуу жашоого кайтуу планы даярдалганын жана аталган план этап менен май, июнь жана июль айларында ишке ашырылаарын белгиледи. Ошол эле учурда чектөөлөр толугу менен алынбаарын, коомдук жайларда беткап тагып, кишилер арасында дистанцияны сактоо менен тазалык эрежелерин аткаруу керек экендигин эскертти.

Атайын даярдалган пландын 1-этабы боюнча кээ бир чектөөлөргө жеңилдиктер киргизилгенин билдирди:

1. Буга чейин сыртка чыгууга тыюу салынган 65 жаштан өйдөкүлөр 10-май күнү, 14 жашка чейинкилер 13 май күнү, ал эми 15 жаштан 20 жашка чейинкилер 15-май күнү саат 11:00дөн саат 15:00гө чейин 4 саатка жашаган жеринен алыс эмес аралыкка сыртка чыгып, эс ала алышат.

2. Ишемби жана жекшемби күндөрү сыртка чыгууга тыюу салуу уланат.

3. 4-майдын кечинен баштап 31 аймак ортосунда унаа каттамдарына киргизилген чектөөлөр Анталья, Айдын, Эрзурум, Хатай, Малатья, Мерсин жана Мугла сыяктуу 7 аймак үчүн токтотулат. Калган 24 аймакта аталган чектөө 15 күнгө узартылат.

4. 5-майдан баштап Анкарадагы, Стамбулдагы жана Измирдеги  таксилер үчүн номерине жараша иштөө талабы токтотулат (Атайын чектөөгө ылайык бир күн номери так сан менен бүткөн таксилер гана иштесе, экинчи күн жуп сан менен бүткөн таксилер иштей алган).

5. 11-майда керектүү тазалык эрежелерин сактоо, күн мурун кезекке туруу жана мүмкүнчүлүгүнүн жарымынчалык кардар кабыл алуу шарты менен чач-тарач жана сулуулук салондору кызмат көрсөтүп баштайт. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана Соода министрликтери тарабынан белгиленген эрежелерди аткаруу шарты менен Соода борборлору жана кийим, бут кийим, айнек жана фарфордон жасалган товарларды саткан ж.б. ишканалар кызмат көрсөтө алат.

6. Бүгүнкү күнгө чейин сатууга тыюу салынган беткаптардын түрүнө жараша  мамлекет тарабынан туруктуу баа белгиленип, эл оңой жетчү жерлерде сатууга уруксат берүү пландалууда.

731-майда аскерлерди демобилизациялоо иштери башталат.

8. 1-июндан баштап Улуттук коргоо министрлигинин кадр тандоо, кызматка дайындоо иштери, 5-июнда аскерге чакыруу, ал эми 20-июнда контракттык негизде аскер алуу иштери башталат.

9. 27-майда мэриялардын насыя алуу боюнча, ал эми Аймактар банкынын тендердик иш чаралары башталат.

10. 1-июндан баштап эпидемия менен күрөшүү үчүн белгиленген ооруканалардын саны азайтылып, ооруканалар адаттагыдай иш тартиби менен бейтаптарды кабыл алууну баштайт.

11. ЖОЖдорго кабыл алуу сынагы 27-28-июнда, жогорку класска кабыл алуу сынагы 20-июнда, аскердик окуу жайларга тапшыруу сынагы 14-июнда өткөрүлөт.

12.  15-июнда ЖОЖдор жана Соттук мекемелер ишин улантат.

Президент Р.Т.Эрдоган сөзүнүн аягында болжол менен 20 күндөн кийин баштала турган түшүм жыйноо мезгилинин алдында 1 тонна буудай үчүн мамлекеттин сатып алуу баасын 1350 лирадан 1650 лирага, ал эми 1 тонна арпанын баасын 1100 лирадан 1275 лирага жогорулатканын маалымдады. Ошондой эле мамлекеттин сатып алуу баасы катары 1 тонна кызыл жасмык (чечевица) үчүн 3500 лира, жашыл жасмык үчүн 3200 лира, 1 тонна кой буурчак үчүн (нокот) 3350 лира белгиленди. Мындан тышкары дыйкандарга дан өсүмдүктөрүнүн ар бир тоннасы үчүн 230 лира, буурчак өсүмдүктөрү үчүн 800 лира премия жана жардам берилээрин белгиледи.

5-май күнү коронавирусту аныктоо үчүн 33283 кишиге тест жасалып, 1832 киши аталган илдетти жуктуруп алганы аныкталды. Бир күндө 5119 киши оорудан айыкса, 59 киши бул оорудан каза болду. 5-май 2020-жылга карата Түркияда COVID-19 илдетин жуктургандардын жалпы саны 129491, каза болгондор 3520 адамды түздү. 73285 бейтап илдеттен айыгып чыкса, 1338 бейтап оор абалда, ал эми 707 бейтап дем алуу аппараты менен жаткандар. Ушул күнгө чейин жалпысынан 1 млн. 204 миң 421 кишиге коронавирус илдетин аныктоо  үчүн тест жасалды.

 



Тектеш кабарлар