Бишкек шаарына 50 жаңы троллейбус алынып келет
Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Февраль айында Бишкек шаарына 50 жаңы троллейбус алынып келет. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Бишкек транспорттук башкармалыгынын директору Артур Омурзаковдун айтымында, келе турган троллейбустар менен жаңы 3 багытта каттам ачылат.
Буга байланыштуу учурда айдоочуларды жумушка даярдоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле быйыл жазында Бишкек шаарына газ менен иштеген 350 автобус алынып келет. Ал унаалар майып жарандар үчүн да ыңгайлуу болот жана вай-фай интернет байланышы менен камсыздалат.
Бул тууралуу өткөн жылдын 25-декабрында шаардык мэрия менен «Газпром» компаниясынын ортосунда автобус сатып алуу боюнча келишимге кол коюу иш-чарасы убагында айтылган.
Маалымат боюнча, автобустарды сатып алууга жалпысынан 50 млн АКШ доллары кетет. Анын 30 млн долларын «Газпром» компаниясы, ал эми калган каражатты Бишкек мэриясы төлөөрүн Премьер-министр Сапар Исаков билдирген.
Эске салсак, алынып келе турган автобустар Бишкек шаарында 11 багыт боюнча жүргүзүлөт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.