Улуттук банк былтыр 80 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк 2017-жылы каржы базарын 81,5 миллион долларды интервенциялаган.

880622
Улуттук банк былтыр 80 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды

Улуттук банк былтыр валюта рыногуна 80 миллиондон ашык долларды сатыкка чыгарды. Мындай маалымат банктын расмий сайтына чыкты. Улуттук банк 2017-жылы каржы базарын 81,5 миллион долларды интервенциялаган. 2017-жылдын 1-январында бир доллар 69,23 сомдон бааланса, апрель айынын аягында 67,13 сом болуп, 31-декабрда 69,83 сомго чейин жеткен. 

Жалпысынан бир жылда доллар 60 тыйынга кымбаттаган. Кыргызстанда валютанын наркы талап менен сунуштун деңгээлине жараша аныкталат. Улуттук банк валюталык резервдин эсебинен зарыл болгон учурда кескин өзгөрүүлөрдү жөнгө салып турат.



Тектеш кабарлар