“Үркүн” тасмасы коомчулукка 12-октябрда тартууланат

Саясий максатты көздөбөгөн тарыхый көркөм тасмада кыйын кезеңге туш болгон кыргыз элинин азаптуу жашоосу бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу баяндалат.

586717
“Үркүн” тасмасы коомчулукка 12-октябрда тартууланат

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүн баяндаган “Үркүн” тасмасы коомчулукка 12-октябрда тартууланат. 

Саясий максатты көздөбөгөн тарыхый көркөм тасмада кыйын кезеңге туш болгон кыргыз элинин азаптуу жашоосу бир үй-бүлөнүн тагдыры аркылуу баяндалат. 

Тасманын сценарийин жазууда тарыхчылырдын, окумуштуулардын пикирлери эске алынган.

24 жаштагы Азимжан уулу Кымбатбек “Үркүн” тасмасындагы башкы каарман Салман баатырдын ролун жараткан. Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан баатыр бардык нерсеге акыйкат караган, элине жан тартып турган намыскөй жигит болгон. Элинин башына кыйын кезең түшкөндө жардамын эч качан аяган эмес.  

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын жаш артисти Кымбатбек алгачкы жолу мындай чоң ролду аткарып жаткандыгын айтат. Көбүнчө кадрлар кыш мезгилинде тартылгандыктан суукта суу кечип кыйынчылыктарга туш болгондугун айтат.

“Үркүн”тасмасы Эгемендүүлүктүн 25-жылдык мааракесине карата август айында элекоомчулукка тартууланмак. Бирок кандайдыр бир себептерден улам ишке ашпайкалып, эми эл сынына 12-октябрда коюлат.

КТРК



Тектеш кабарлар