Кыргызстанга келген КМШ мамлекет жана өкмөт башчыларынын айрымдары Ата-Бейитте
Президенттер 1916-жылы курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту.
Кечээ, 17-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Президенти Серж Саргсян жана Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик Мемориалына гүл коюшту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалымат иретинде: “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги 1916-жылдагы окуялардын жүрүшүндө курман болгондорго арналган эстелик Мемориалын ачуу аземи Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди н катышуусу менен 2016-жылдын 2-сентябрында болгон.
"Кабар" маалымат агенттиги
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Нетаньяху геноцид ыкмалары менен Гитлерди да кызгандыра турган деңгээлге жетти»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын Kathimerini гезитине маек берди.