Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эски китептердин фестивалы өтөт

Фестивалдын алкагында эң эски китеп, көлөмү эң чоң китеп, эң оор китеп, эң таза сакталган китеп сыяктуу бир катар сынактар өткөрүлөт.

471409
Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эски китептердин фестивалы өтөт

8-майда Бишкек шаарындагы борбордук мечитте эски китептердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Уюштуруучулар “Маданият жана Тарых” жылына карата 2016-жылдын 8-май күнү саат 14:00 Бишкек шаарындагы борбордук мечиттин аянтчасында өтүүчү эски китептердин фестивалына чакырат.

Ар бир жаран кылымдардан сакталып келе жаткан ислам динине байланышкан эски кол жазма китептерин, арабча, түркчө шариат маалыматтары камтылган китептерди жана башка ислам баалуулуктары болгон буюм-тайымдарын алып келип, көргөзмөгө катышса болот. Эски китептердин фестивалына дин аалымдары чакырылмакчы.

Фестивалдын алкагында эң эски китеп, көлөмү эң чоң китеп, эң оор китеп, эң таза сакталган китеп сыяктуу бир катар сынактар өткөрүлөт. Жеңүүчүлөр ыраазычылык баракчасы менен сыйланат. Кошомча суроолор боюнча 0770 39-88-58 телефонуна чалып кайрылса болот.

Эски китептердин фестивалынын демилгечи Юсуп ажы Сайпиев.

"Кабар" маалымат агенттиги



Тектеш кабарлар