Илим жана маданият көпүрөлөрү - 50

Фонддордун пайда болуу тарыхы жана өнүгүшү

159034
Илим жана маданият көпүрөлөрү  - 50

Урматтуу окурмандар, программабыздын бүгүнкү чыгарылышында түрк тектүү калктар арасында “вакыфтардын” же башкача айтканда коомдук фонддордун пайда болуу тарыхы жана өнүгүшү жөнүндө азыноолак сөз кылып бермекчибиз.
Алгач “вакыф” сөзүнө кыскача токтоло кетсек. Вакыф арапчада “топтоо, токтотуу” деген маанини билдирет. Бирок термин катары экинчи мааниси “баалуу бир нерсенин ээси тарабынан кыяматка чейин колдонулушу үчүн акысыз берилиши” дегенди түшүндүрүп, кайрымдуулук тармагындагы иш аракеттерди билдирет.
Куранда вакыфтардын, башкача айтканда фонддордун түптөлүшү жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бирок дин жолунда акча сарптоо, жакырларга, муктаждарга жана багаар – көрөөрү жокторго жардам берүү, пайдалуу жана соопчулук иштерине көңүл буруу керектиги тууралуу айтылган аяттар жана хадистер, ислам дүйнөсүндө фонд түшүнүгүнүн келип чыгышын шарттарган. Фондго берилген акча же кыймылсыз мүлктөр сатылбайт, эгер сатыла турган болсо соттун чечими жана каражаттын ошол эле максатта андан да пайдалуу иш алып барган фонддун курулушунда колдонуу шарты менен сатылат.
Тарыхый маалыматтарда түрк тектүү калктардын исламдан мурда эле фонд же кайрымдуулук институттары менен тааныш болгондугун көрүүгө болот. Албетте, дин багытында, өзгөчө уйгурлар арасында буддист манастырларын салуу боюнча биргелешип аракет кылуу иш чаралары жазылып калган текстер буга далил. Б.з.ч. 1000 - жылдан б. з. 1000 – жылдары арасында Буддизм, Кытай менен Индияда абдан өнүккөн. Буддизмди жайылтууга аракет кылган “кечиштер” (дааватчылар) Түркстан аймагына да келишкен. Алардын жардамы менен Түркстанды ээлеп турган согду, тохар жана ирандыктар буддизмди кабыл алышып, будист манастрларын курушкан. Түрк тектүү калктар да бул аймактарга келгенден тартып алардан кайрымдуулук иштерин өз маданияттарына сиңирип алышкан. Эски уйгур жазууларында будданын ырайымына ээ болуу үчүн канчалык кичинекей болсо да монастрь куруу, анын ичине буудайдын данындай болсо дагы будданын элесин койуу жана каз жеминин жетиден бири өлчөмүндө тамак койсо боло тургандыгы тууралуу маалыматтар айтылат. Индияда буддист манастырлуу аймагы “вихардын” Бихар деп айтылышынан улам, Өзбекстандагы Бухаранын да учурунда буддист монастарлары көп жайгашкан аймак деген маанини билдирген сөз деген божомолдор айтылып келет.
Учурда “вакыф” же коомдук фонддордун тарыхта ислам менен кошо түрк тектүү калктарга кирген деген түшүнүк басымдуулук кылып келет. Ван ле Гок тарабынан Турпанда табылган 12 – 13 – кылымдарга таандык уйгурча тексттерде бир хандын бир фондго кылган кайрымдуулук иштери тууралуу жазылган документ болгон. Анда өкүмдардын бир вакыфка атасынан калган үй-жайды толугу менен өткөрүп бергендиги жана ал жер буддистердин атасынын арбагы үчүн сыйынуучу жай болуп калаары айтылган. Тексттерге караганда ал жай толугу менен ар түрдүү салыктардан бошотулган экен. Бул тексттер уйгурдардын буддисттик мезгилине таандык деп эсептелгендиктен, түрк тектүү калктардын исламдан мурда эле вакыфтар, коомдук фонддор тууралуу маалыматтары болгон деп айтууга толук негиз бар. Айрыкча, бул нерсе вакыф түшүнүгүнүн түрк тектүү калктардын тарыхында алгач Орто Азияда жаралып, Анатолияга чейин жеткендигин тастыктайт. Жалпы мусулмандардай эле түрк тектүү калктар арасында да фонд түшүнүгү исламды кабыл алгандан кийин өнүгүп, маанилүү институтка айланган.
Ислам маданиятынын эң маанилүү тармактарынын бири болгон фонддор 8 – кылымдын ортолорунан баштап 19– кылымдын аягына чейин жалпы ислам өлкөлөрүнүн социалдык, маданий жана экономика жаатында абдан жогорку орунда турган десек жаңылышпайбыз. Ислам өлкөлөрүнүн баардык аймактарына кеңири тараган мечит, медресе, китепкана, оорукана, түлөөкана, конок үйлөрү, кербен сарайлар, көпүрөлөр, кудуктар, жолдор ж.б. көптөгөн калктын жашоосундагы муктаждыктар фонддор тарабынан каржыланып, колдонууга берилип келген. Жаңы төрөлгөн баланын бешигин даярдоодон тартып, маданий баалуулуктарды коргоо, ал тургай ажырашуу алдындагы үй-бүлөлөрдү жараштырууга чейин ар түрдүү багыттагы вакыфтар, фонддор түзүлүп, максаттарына жана элдин муктаждыгына жараша калкка кызмат кылышкан. Бул өңүттөн алып караганда “вакыф” глобалдык социалдык кызматташтык уюму болуп эсептелет. Муктаждыктарды камсыз кылуу принцибине таянып иш алып барат. Ошондуктан вакыф канчалык исламдын негизинде өнүксө да, аны бир гана диний уюм катары карабоо керек. Фонддорду адамзаттын орток пайдасына кызмат кылган институт катары эсептөө керек.
Убакыттын өтүшү менен вакыфтардын тармактары да өзгөрүп, кеңейип отурганын көрүүгө болот. Буга “кайрымдуулуктун эң маанилүүсү, калк эң көп муктаж болгон тармактарда көрсөтүлгөнү” деген түшүнүк себеп болгон. Муктаждыктар аймактарга жана убакыттын өтүшүнө байланыштуу өзгөрүп турган. Түрк тектүү калктардын ичинде вакыфтар мечиттер менен кошо билим берүү тармагына көп көңүл бурушуп, өлкөнү, аймакты билимдүү адистер менен жабдып турууга далалат жасагандыгын көрө алабыз. Тарыхта түрк тектүү мамлекеттерде курулган вакыф медреселеринде дин, укук, медицина жана астрономия тармагында билим берүүгө басым жасалып, өз учурунун улуу окумуштуулары ибн Сина, Фирдоуси ж.б. тарбиялап чыгарышкан. Ал жерлерден падышалар өздөрү да билим алып, дүйнөлүк билимге өз салымын кошкон улуу аалымдар болуп чыгышкандыгына Улукбек эң жакшы мисалдардан боло алат. 19 – кылымда Алымбек датка да Ош шаарына өз каражатына медресе салдыргандыгы жана ал жердин баардык чыгымын өз жанынан каржылагандыгын билебиз. Убакыттын өтүшү менен бул иш чарага өкмөт да каралашып, хандар, императорлор, падышалар өздөрүнүн атынан же ата – бабаларынын атына маанилүү окуу жайларды салдыра башташкан. Вакыф мамлекеттик эмес курулуш болгондуктан, алардын туруктуу каржы булагы үчүн да кам көрүү керек болгон. Көптөгөн жылдар боюу вакыф атына курулган имараттын айланасына дүкөндөр да курулуп, алар соодагерлерге ижарага берилген жана вакыф ошол жактан түшкөн киреше менен кызмат көрсөтүп келген. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү тармактандыруу боюнча Осмон императорлугундагы кээ бир вакыфтар, императордун да жардамы менен кемелерди ижарага алып, Египедден буудай ташып, түшкөн кирешени вакыф иштерине жумшагандыктары жөнүндө маалыматтар да бар. Баардык каражаттарды кайрадан колдоно бербестен, бир бөлүгүн сактап турушуп, каржы булактары азайган вакыфтарга жардам катары жөнөтүп да турушкан.
Учурда да жарандык уюмдар, эл аралык фонддордун көптөгөн тармактары менен жалпы адамзат жакындан тааныш. Муктаждык болгон баардык тармактарда, жакырчылык менен күрөшүү, экономика, билим, маданият, спорт, ден соолук, дин жаатындагы көптөгөн алгылыктуу иштер, мамлекеттердин эмес ушул жарандык коомдордун, фонддордун жардамы менен ишке ашырылып келе жатат.
Кадырлуу угармандар, ушуну менен бүгүнкү уктуруубузду аяктайбыз. Программаны обого даярдагандар – Назгул Кадырова жана Элдар Орозалиев.
Саламатта болуңуздар!

 

Адабияттар:
1. Erşahin, S., Vakıf Düşüncesini Doğuran Temel Dinamikler Üzerine, Vakıf Medeniyeti Sempozyumu Kitabı, Vakıflar G.M. Yay, Ankara, 2003.
2. Köprülü, B., Tarihte Vakıflar, AÜ Hukuk Fakültesi Dergisi, S. 3 – 4, Ankara, 1951.
3. Kunter, H. B., Türk vakıfları ve vakfiyeleri, Vakıflar Dergisi, S. I, Ankara, 1938.
4. Ruben, W., ‘Zwey Pfahlinschriften aus den turfanfunchen...’ (Türkiye Türkçesine aktaran S. Çağatay) Vaskıflar Dergisi, S. II, Ankara, 1942.
5. Vakıf, TDV İslam Ansiklopedisi, c.42, İstanbul, 2012.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар