Евровидениеде Швеция жеңишке жетти

Швециялык ырчы Лорин Евровидение 2012 ыр сынагында да жеңүүчү болгон.

1986214
Евровидениеде Швеция жеңишке жетти

Кечээ кечинде Англиянын Ливерпуль шаарында өткөн Евровидение ыр сынагында Швеция жеңишке жетти. Ырчы Лорин сынакта экинчи жолу жеңишке жетишкен биринчи ырчы айым болду.

Швециялык ырчы Лорин Евровидение 2012 ыр сынагында да жеңүүчү болгон.

Өткөн түнкү жеңиш менен Швеция жалпысынан 7 жолу жеңишке жетсе, Лорин Tattoo ыры менен экинчи жолу сынакты жеңген биринчи аял ырчы болду.

Швециянын жалпы 583 упай менен жеңиши Аббанын 1974-жылы Ватерлоо менен жетишкен тарыхый жеңишинин 50 жылдыгында,  тактап айтканда 2024-жылкы Евровидение сынагын өткөрөт дегенди билдирет.

Быйылкы рейтингде башка өлкөлөр төмөнкүдөй; Экинчи орунда Финляндиядан келген Каария тобу 526 упай, үчүнчү орунда израилдик Ноа Кирел 362 упай алды.



Тектеш кабарлар