«Түркия кылымы» гезити Берлинде...

Чет өлкөдө жашаган атуулдар Берлиндин ар кайсы жеринде аларга жеткирилген «Түркия кылымы» гезитине чоң кызыгуу көрсөтүштү.

1978295
«Түркия кылымы» гезити Берлинде...

Президенттиктин Коммуникация директорлугу тарабынан Түркия Республикасынын жүз жылдыгынын алкагында даярдалган «Түркия кылымы» гезити Германиянын борбор шаары Берлинде жарандарга таратылды.

Чет өлкөдө жашаган атуулдар Берлиндин ар кайсы жеринде аларга жеткирилген «Түркия кылымы» гезитине чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Түркиянын тышында эң көп түрк калкы бар Берлинде таратылган гезит президент Режеп Таййип Эрдоган жарыялаган «Түркия кылымы» көз карашын баяндайт.

Ата мекендик жана улуттук унаасы TOGG тууралуу биринчи бетинде маалымат берген гезитте Түркиянын коргоо өнөр жайында жаңы долбоорлор менен ата мекендик көрсөткүчүн 80 пайызга жеткиргенине көңүл бурулган.

Түркиянын транспорт долбоорлоруна байланыштуу кабарларга да орун берген гезитте Түркиянын улуттук кызыкчылыктарга багытталган активдүү тышкы саясатты карманганы баса белгиленген.

Түркиянын туризмде рекорддорду жаңыртып өскөнүн белгилеген гезит Түркиянын экологиялык көйгөйлөргө глобалдык чечүүчү жолдорду иштеп чыкканын, ата-бабалар мурасынын ТИКА тарабынан калыбына келтирилип корголгондугун, Түркиянын санариптик жетишкендиктери түшүндүрүлгөнүн белгилеген.



Тектеш кабарлар