Түркияда жаңы жылды кубанычтуу тосуп алышты

Шаарлардын аянттарында шаардыктар жаңы жылды иш-чаралар жана концерттер менен тосуп алышты.

1926173
Түркияда жаңы жылды кубанычтуу тосуп алышты
istanbultaksim yeni yil.jpg
istanbul taksim istiklal.jpg
istanbul taksim istiklal.jpg

Түркия 2023-жылды чоң шыктануу менен тосуп алды.

Шаарлардын аянттарында шаардыктар жаңы жылды иш-чаралар жана концерттер менен тосуп алышты.

Эрзурумда миңдеген жергиликтүү жана чет элдик конок жаңы жылга факел лыжасы жана фейерверк менен кирди.

Түркиянын эң маанилүү кышкы туризм борборлорунун бири болгон Эржиес лыжа борборунда жергиликтүү жана чет элдик туристтер жаңы жыл алдында түн ичинде факел менен лыжа тебишти.

Жаңы жылды майрамдоодо ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө үчүн коллективдер да кылдаттык менен иштешти.

Болу, Мугла, Невшехир жана башка көптөгөн шаарларда атуулдар концерттер жана жаңы жылдык иш-чаралар менен түн бир оокумга чейин көңүл ачышты.

Стамбулдуктар жана туристтер жаңы жылды Таксим аянтында жана Истиклал көчөсүндө көңүлдүү тосуп алышты. Аянтка чогулган эл түнкү саат 12:00ге секундалар калганда баары бирге үн чыгарып санагандан кийин 2023-жылга шыктануу менен киришти.

Жарандар 2023-жылдын келишин борбор шаар Анкаранын эң кыймылдуу жерлеринин бири болгон Кызылай аянтында майрамдашты.

Аянттагы жарандар 2023-жылдын алгачкы мүнөттөрүн бийлеп, ырдап майрамдашты.

Жолдогу унаалар сигнал берип, майрамды коштоп жүрүштү.



Тектеш кабарлар