EBU Медиа саммити Стамбулда өтөт

ТРТ да мүчөсү болгон EBU өкүлдөрү жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан улам эки жылдан кийин биринчи жолу бетме-бет жолугушат.

1830544
EBU Медиа саммити Стамбулда өтөт

Европа Телерадиоберүү Биримдигинин (EBU) Медиа саммити 23-24-майда Стамбулда Түркиянын радио жана телекөрсөтүү мекемеси (ТРТ) тарабынан өткөрүлөт.

ТРТ да мүчөсү болгон EBU өкүлдөрү жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан улам эки жылдан кийин биринчи жолу бетме-бет жолугушат.

Саммитте коомдук телеберүүнүн келечеги, чечиле турган көйгөйлөр, жаңы тенденциялар жана жаштар үчүн жеткиликтүүлүк сыяктуу темалар талкууланат.

Түркия жана Европадан маанилүү ысымдардын катышуусу күтүлгөн саммитте ТРТнын башкы директору Мехмет Захид Собажы жана EBUнин башкы директору Ноэль Карран ачылыш сөз сүйлөйт.

TRT World каналынын тажрыйбалуу диктору Мария Рамос алып бара турган жана коомдук телеберүүнүн бүгүнкүсү жана келечеги талкуулана турган саммитте, Google TV Content Collaborations башчысы Теодора Иванова-Лемон,  бизнести өнүктүрүү боюнча эл аралык эксперт Оливье Ван Дюрен, Барселона Наварра университетинин IESE бизнес мектебинин профессорлорунан Алехандро Лаго да баяндамачылар катары катышат.



Тектеш кабарлар