Халал Экспо 25тен ашуун өлкөнүн катышуусу менен өтөт

Жарманке азык түлүк, косметика, каржы жана туризм сыяктуу тармактардан көптөгөн өкүлдөрдү жолугуштурат.

1728237
Халал Экспо 25тен ашуун өлкөнүн катышуусу менен өтөт

Халал Экспо 25-28-ноябрь күндөрү Стамбулда өтөт.

Бул иш-чара дүйнөдөгү эң ири “халал иш-чара” деп эсептелет.

Халал сертификаты менен соода көлөмүн көбөйтүү, жаңы рынокторго жол ачуу жана тармактык өнүгүүлөрдү жакындан байкоо максатында уюштурулган жарманке Стамбул Конгресс борборунда өткөрүлөт.

Халал Экспо 25тен ашык өлкөнүн улуттук жана жеке катышуусу менен уюштурулат. Жарманке азык түлүк, косметика, каржы жана туризм сыяктуу тармактардан көптөгөн өкүлдөрдү жолугуштурат. Мындан тышкары, иш-чарага логистика, басмакана, таңгактоо жана билим берүү сыяктуу ар түрдүү тармактардагы уюмдардын катышуусу күтүлүүдө. Бул жарманке сектордун алдыңкы компаниялары менен жолугушуу жана ыктымалдуу бизнес потенциалына баа берүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Онлайн түрдө да көрүүгө боло турган иш-чара, Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы тилектештикти жана кызматташтыкты арттыруу, ошондой эле мүчө эмес өлкөлөрдө халал секторуна байланыштуу маалымдуулукту жогорулатуу жана карым-катнаштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Халал сертификаттуу соода-сатыкка сапаттуу жана таза болгондуктан мусулмандар менен бирге мусулман эместердин да кызыгуусу барган сайын артууда.



Тектеш кабарлар