Вашингтондо Салттуу түрк фестивалы
Фестивалда түрк маданияты менен ашканасынын тандамал үлгүлөрү таанытылды.
АКШнын борбору Вашингтондо миңдеген түрктөр жана чет элдиктер катышкан Салттуу түрк фестивалы чоң кызыгуу жаратты.
1965-жылы түзүлгөн Вашингтон Түрк-Америка коому тарабынан уюштурулган The Wharf аймагында өткөрүлгөн фестивалда түрк маданияты менен ашканасынын тандамал үлгүлөрү таанытылды.
Фестивалда Түркиядан барган бий тобунун жана фольклордук топтун өнөрлөрү чоң кызыгуу тартты. Улуттук кийимдери менен сахнага чыккан элдик бий тобу көрүүчүлөрдүн кол чабууларына ээ болушту.
Осмон-түрк маданиятын чагылдырган буюмдар коюлган стенддер катышуучулардын көңүлүн бурса, колго токулган түрк килемдери, улуттук Осмон кийимдери жана кооз фарфорлор зыяратчылар тарабынан жактырылды.
Салттуу түрк мурасы айы иш-чараларынын алкагында уюштурулган фестивалда конокторго түрк ашканасынын эң сонун үлгүлөрү да тартууланды.
Фестивалга аймакта жашаган түрктөрдөн тышкары, ар кайсы улуттан келген коноктор, өзгөчө америкалыктар чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Тектеш кабарлар
Бүгүн Энелер күнү
Түркияда май айынын экинчи жекшембиси ар дайым Энелер күнү катары белгиленип келет.