ТРТ-Даректүү тасмалар каналында өзгөчөлөнгөн чыгарылыштар тартууланат

Ар ишемби сайын жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.00дө экранга чыгат.

1485125
ТРТ-Даректүү тасмалар каналында өзгөчөлөнгөн чыгарылыштар тартууланат

Дүйнөгө белгилүү чебер режиссерлор тарткан кинолор жана өзгөчөлөнгөн чыгарылыштар ар ишемби сайын, жергиликтүү убакыт боюнча саат 23.00дө, Түркия радиотелеберүү мекемесинин (ТРТ) Даректүү тасмалар каналынын "Даректүү тасма алкагы» бөлүмүндө экранга чыгат.

Гарри Кин режиссёрлук кылган "Менин апам менен атам уга албайт" тасмасы 5-сентябрда көрсөтүлөт. Ирландиялык даректүү тасмада ата-энеси дүлөй бирок аларды угуп, сүйлөй алган балдарынын жашоосу баяндалат.

Японияда жыл сайын 30 миң адамдын үйлөрүндө жалгыз каза болгонун жана окуя болгон жерди тазалаган адамдардын көзү менен бул темага жарык чачууга аракет кылган "Сырдуу Азия: Жалгыз өлүм" даректүү тасмасы болсо көрүүчүлөргө 12-сентябрда тартууланат.

Аарон Льюис менен Аарон Томас режиссёрлук кылган, АКШда тартылган "Денесине жабышкан бала" даректүү тасмасы АКШдагы Туретт синдромунун эң оор учурларынын бири Зак Лэмбдин катуу тиктерге толгон бир жылы жана андан кийин болгон операциясы баяндалган. Бул документалдуу тасма көрүүчүлөргө 19-сентябрда тартууланат.

2015-жылдын апрель айында Непалда, Катмандуда, Гималайда, Эверест аймагында болгон жер титирөөлөр жана жер титирөөдөн келип чыккан жер көчкү жана кар көчкүлөр алып келген апаат менен аймактан чыга албай калган альпинисттердин башынан өткөн окуяларды чагылдырган "Эвересттеги коркунуч" даректүү тасмасы 26-сентябрда экранга чыгат.



Тектеш кабарлар