«Наим: Чөнтөк Геркулеси» аттуу кино тасма көргөзүлөт

Дүйнөлүк рекорддорду багындарган штангист Наим Сүлейманоглунун өмүр баянын чагылдырган кино тасма Англия, Франция, Бельгия, Дания, Нидерландия, Австрия жана Германияда кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

1332473
«Наим: Чөнтөк Геркулеси» аттуу кино тасма көргөзүлөт

Түрк спортунун тарыхына өчпөс из калтырган Наим Сүлейманоглунун өмүр баяны түшүндүрүлгөн «Наим: Чөнтөк Геркулеси» аттуу кино тасма 2-январда Европада көргөзүлөт.

Спорт тарыхында дүйнөлүк рекорддорду багындарган жана эки жыл мурда дүйнөдөн кайткан штангист Наим Сүлейманоглунун өмүр баянын чагылдырган бул кино тасма Англия, Франция, Бельгия, Дания, Нидерландия, Австрия жана Германияда кино сүйүүчүлөргө тартууланат.

«Дүйнөнүн эң мыкты сортчусу» деп тандалган Наим Сулейманоглу, карьерасында 47 жолу дүйнө рекордуна, 6 Европа Чемпиондугу менен 7 Дүйнө чемпиондугуна жетишти.

Ошондой эле Олимпиадалык оюндарда алган 3 алтын медалдын ээси. Өзүнүн салмагынан 3 эсе оор салмакты көтөргөн жалгыз спортчу катары тарыхта калган Сүлейманоглу, дүйнө рекордуна алгач 15 жашында жетишкен.

Наим Сүлейманоглу, боор оорусунун себебинен 2017-жылдын 18-ноябрында көз жумган.

Бул кино тасма 2020-жылдын 2-январында Англиянын борбор шаары Лондондо, Франциянын борбор шаары Париж менен Бургуан-Жалье, Бретиньи-сюр-Орж, Фенуйе, Ломм, Лион, Мец, Мюлуз, Нанси, Ним, Париж, Руан жана Тионвилде көргөзүлөт.

Ошондой эле Австрияда Вена, Брегенц жана Люстенау, Нидерландияда Амстердам, Ден Хааг, Девентер, Роттердам, Схидам, Тилбург жана Влардинген, Бельгияда Брюссель, Антверпен, Данияда Родовре, Германияда Аугсбург, Берлин, Билефельд, Бохум, Бремен, Дармштадт, Дортмунд, Дуйсбург, Дюссельдорф, Эссен, Франкфурт, Гельзенкирхен, Гамбург, Хамм, Ганновер, Гейдельберг, Карлсруэ, Кассель, Кель, Кельн, Крефельд, Мангейм, Мемминген, Мюнхен, Неккарзульм, Нойфарн-бай-Фрайзинг, Нюрнберг, Оффенбах, Зиндельфинген, Штутгарт, Вецлар, Вупперталда да көрүүгө болот.

 



Тектеш кабарлар