Вашингтондо салттуу түрк фестивалы өттү
АКШнын борбор шаары Вашингтондо уюштурулган жана миңдеген түрк катышкан 17 - салттуу түрк фестивалы чоң кызыгуу көрдү.
АКШнын борбор шаары Вашингтондо уюштурулган жана миңдеген түрк катышкан 17 - салттуу түрк фестивалы чоң кызыгуу көрдү.
Пенсильвания проспектисинде орун алган Freedom Plazaда өткөн фестивалда түрк маданияты жана ашканасынын тандамал даамдары таанытылды. Вашингтон Түрк - Америка коому уюштурган фестивалда Түркиядан барган бий группасы менен фольклордук тобунун чыгармачылыгы чоң кызыгуу көрдү.
Салттуу кийимдери менен сахнага чыккан элдик бийлер тобу көргөндөрдүн купулуна толду. Хаживат менен Карагөз оюну да коноктор тарабынан жактырылды.
Осмондук - түрк маданиятын чагылдырган буюмдар коюлган стенддер катышуучулардын кызыгуусун тартып, колдо токулган түрк килемдер менен салттуу осмондук кийимдерге, фарфорлорго баа аберилди.
Салттуу түрк мурас айы иш чараларынын негизинде уюштурулган фестивалда өзгөчө түрк ашканасынын мыкты даамдары келген конокторго сунулду. Фестивалга аймакта жашаган түрктөр менен бирге америкалыктар жана башка түрдүү улуттар абдан кызыгышты.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.