ЮНИСЕФте маанилүү көргөзмө ачылды

Түркиялык жана сириялык жаштар «Келечектин түштөрү» аттуу долбоорду ишке ашырышты.

1217144
ЮНИСЕФте маанилүү көргөзмө ачылды

 

Түрк жана сириялык жаштардын эмгектеринен турган «Келечектин түштөрү» аттуу фотосүрөт көргөзмөсү, АКШнын Нью-Йорк шаарындагы БУУнун Балдарга жардам фондунун (ЮНИСЕФ) имаратында ачылды.

Көргөзмөнүн ачылышына Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, ЮНИСЕФтин башкы директору Генриетта Форе, ЮНИСЕФтин Башкаруу кеңешинин төрагасы Омар Хилале менен катар көп сандаган киши катышты.

Синирлиоглу бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, «Келечектин түштөрү» аттуу долбоордо 60 жаш улан кыз чогулуп өздөрүн көркөм өнөр менен түшүндүргөндөрүн белгиледи. Феридун Синирлиоглу: «Түрк жана сириялык жаштардын окуялары өтө таасир калтыруучу. Ойлоп табуучулуктары илхам берүүчү. Бул фотосүрөттөр көркөмдүк жагынан жана коомдук мааниде БУУнун башкы борборунда көргөзмөгө коюлууга татыктуу»,-деп айтты.

Түркиянын 3 миллион 600 миңден ашуун сириялыкты кабыл алганын жана булардын 1 миллион 600 миңинин балдар экенин баса белгилеген Синирлиоглу: «ЮНИСЕФ сыяктуу өнөктөштөрүбүз менен биргелеше бул балдардын билим алуусун камсыздоо үчүн аракет кылып жатабыз»,-деди.

Учурда 645 миң сириялык жана берки өлкөлөрдөн келген качкын балдардын Түркияда мамлекеттик мектептерде жана убактылуу билим берүү борборлорунда окуп жаткандарын, өзгөчө 20 миңден ашуун сириялык жаш уландын да жогорку окуу жайларында билим алып жаткандарын баса белгилеген Синирлиоглу: «Өз мекенинен качууга аргасыз болгон сириялык жаштардын, өздөрүнө дагы жакшы келечек камсыздоо үчүн аракет кылууну улантып жаткандарына сыймыктануудабыз»,-деп айтты.

Синирлиоглу ЮНИСЕФтин ар дайым Түркиянын баалуу өнөктөшү экенин баса белгилеп: «Бул көргөзмө ЮНИСЕФтин жаштарды кантип күчтөндүргөнүн жана алардын жеке адам болуусуна кантип жардамчы болгонун да көрсөтүүдө. Качкын балдардын жана жаштардын жашоолорун жакшыртуу үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешүүнү улантабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар