Стамбул аэропортунан 10 миллионунчу жүргүнчүсү өттү

Стамбул аэропорту 10 миллонунчу жүргүнчүгө кожоюндук кылды.

1212821
Стамбул аэропортунан 10 миллионунчу жүргүнчүсү өттү
istanbul havalimani.jpg

Стамбул аэропортунун 10 миллионунчу жүргүнчүсү күтүлбөгөн иш-чаралар менен тосулду.

«Ататүрк» аэропортунан 6-апрелде Стамбул аэропортуна ишке ашырылган жана «Чоң көч» деп аталган көчүүдөн кийин Стамбул аэропорту бүгүн 10 миллонунчу жүргүнчүгө кожоюндук кылды.

Майрам эч алуусу үчүн Стамбул аэропортунан Измирге саякат кылган 10 миллионунчу жүргүнчү болгон Эсра Йешилөз үчүн билетин көрсөтүп өткөн убакта Стамбул аэропортун иштеткен İGA тарабынан азем уюштурулду.

Йешилөз, билетин каратып жатканда оркестр музыка черте баштаганда күтүлбөгөн маанай күтүп жатканын байкады.

Конфеттинин коштоосунда гүл сунулган Йешилөзгө 10 миллионунчу жүргүнчү болгонун көрсөткөн девиз тапшырылды.

Саякат кылыш үчүн аэропортко келген көп сандаган жүргүнчү да оркестр тобунун черткен чыгарма менен коштолду.



Тектеш кабарлар