Түрк сериалдары Майамиде
Түрк сериалдары жарманкеде эл аралык сектордун назарына коюлмакчы.
Түрк сериалдары дүйнө жүзүн багындырууну улантууда.
Маданият жана туризм министрлигинин колдоосу менен Майамиге жете турган түрк сериалдары 22-24-январь күндөрүнүн аралыгында өтө турган NATPE-Майами жарманкесинде 750дөн ашуун эл аралык алуучу, 300гө жакын сатуучу компания жана орто эсеп менен 2 миң 500 сектордун өкүлдөрүнө сунушталат.
Ал сериалдардын арасында көрүү жагынан рекорд жараткан «Дирилиш Эртугрул», «Пайтахт: Абдулхамид», «Бир мезгилдерде Чукурова» жана «Чуңкур» сыяктуу сериалдар орун алууда.
Түрк сериалдары, жарманкеде курула турчу 54 чарчы метрдик стендде эл аралык сектордун назарына коюлмакчы.
Жарманкеде негизги рыноктор АКШ, Канада, Бразилия, Аргентина, Мексика, Чили, Перу жана Колумбия сыяктуу өлкөлөрдүн катышуучулары менен да түздөн-түз байланыш курулат.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.