Орусияда Түркия жылы үчүн даярдыктар башталды

"Боют" медиа группасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Бүлент Өзкан, дизайнер Мурат Өнеш жана композитор  - пианист Анжелика Акбардан турган делегация Сантк Петербургда орус делегациясы менен жыйын өткөрдү.

1059190
Орусияда Түркия жылы үчүн даярдыктар башталды

Орусияда 2019 -  жылы "Түркия жылы" үчүн өткөрүлө турган иш чараларга карата даярдыктар башталды. 

2019 -  жылдын Орусияда Түркия жылы, Түркияда Орусия жылы деп жарыяланышынан кийин Санкт Петербургда Түркия  - Орусия маданий платформасы жыйын өткөрдү. 

"Боют" медиа группасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Бүлент Өзкан, дизайнер Мурат Өнеш жана композитор  - пианист Анжелика Акбардан турган делегация Сантк Петербургда орус делегациясы менен жыйын өткөрдү. Жыйында Түркия  - Орусия маданий платформасынын башкы секретары Дмитрий Кузнецов, Бүлент Өзкан жана орус делегациясы тарабынан даярдала турган "Тарыхта түрк  - орус карталары" көргөзмөсүнүн Санкт Петербургда алты айлык мөөнөт менен көргөзмөгө чыгары билдирилди. 

Жыйында ислам илиминин тарыхы боюнча изилдөөчү, профессор доктор Фуат Сезгиндин чыгармаларына бул маданий иш чарада орун берилишине чечим чыгарылды. Фуат Сезгиндин эмгектеринен даярдалган бир көргөзмөнүн Санкт Петербург менен Казан жана башка шаарларда да орун берилишине басым жасалды.  

Иш чаралардын негизинде орус тектүү түрк жараны пианист - композитор Анжелика Акбардын бере турган концерти менен "Айвазовскийдин Стамбулу" аттуу көргөзмөнүн уюштурулушуна чечим чыгарылды.

Делегация ноябрь айында Стамбулда ишин улантат.

 



Тектеш кабарлар