Стамбулда карикатура көргөзмөсү ачылды
Көргөзмө 15-мартка чейин ачык болот.
921537
«Мурасыбыз Кудус» эл аралык карикатура көргөзмөсү Стамбулда ачылды.
Стамбулдун Областтык маданият жана туризм директорлугу тарабынан уюштурулган жана 39 өлкөдөн келген карикатуристтердин эмгектеринен турган «Мурасыбыз Кудус» эл аралык карикатура көргөзмөсү искусство сүйүүчүлөргө тартууланууда.
«Мурасыбыз» коому жана Дүйнөлүк карикатуристтер биримдигинин колдоосу менен даярдалган көргөзмө, Султанахметтеги Түрк жана Ислам чыгармалары музейинде ачылды.
Көргөзмөдө ар башка өлкөлөрдөн 232 карикатуристтин 600дөн ашуун эмгегинин арасынан тандалган 65 карикатура орун алат.
Көргөзмө 15-мартка чейин ачык болот.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.