Түркия - Азербайжан түстөрдүн бир туугандыгы көргөзмөсү

Азербайжандын борбор шаары Бакуда түрк жана азербайжандык сүрөтчүлөрдүн чыгармалары орун алган «Түстөрдүн бир туугандыгы» аттуу көргөзмө ачылды.

831154
Түркия  - Азербайжан түстөрдүн бир туугандыгы көргөзмөсү

Азербайжандын борбор шаары Бакуда түрк жана азербайжандык сүрөтчүлөрдүн чыгармалары орун алган «Түстөрдүн бир туугандыгы» аттуу көргөзмө ачылды.

Баку Юнус Эмре институту Түркиянын Баку элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчилиги, Измир Балчова мэрдиги жана Азербайжан сүрөтчүлөр союздаштыгы тарабынан өткөрүлгөн көргөзмөнүн ачылышына азербайжандык мамлекеттик кызматкерлер менен депутаттар, түрк мекемелеринин өкүлдөрү менен көп сандаган өнөр сүйүүчүлөр катышты.

Көргөзмөдө түрк сүрөтчүлөр Бедри Караягмурлар, Махмут Дурмуш, Рейхан Абажыоглу, Фаден Сузан Кудсиоглу, Гүндогду Уграш, Хатиже Айдоган менен азербайжандык сүрөтчүлөрдүн чыгармалары орун алды.

Баку Юус Эмре институтунун директору Ибрахим Йылдырым басма сөз кызматкерлерине берген маалыматында Түркия менен бир маданияттан азыктанган бир тууган өлкө Азербайжанда орток темаларда проектилерди ишке ашырышкандарын айтты. Ушунун негизинде азербайжандык жана түрк сүрөтчүлөрдү жолугуштургандыгын белгилеген Йылдырым 40ка жакын сүрөттү өнөр сүйүүчүлөрдүн жактыруусуна сунуштагандарын белгиледи. Азербайжан маданият жана туризм министрлигинин музей борборунда өткөрүлгөн көргөзмөнүн ачылышынан мурда түрк опера өнөрпозу Оя Эргүн концерт берди. Көргөзмө 21 -  октябрга чейин ачык болот.



Тектеш кабарлар