Орусияда Куран окуу сынагы болуп өттү

Сынакта үч хафыз байгелүү орунга илинди

823772
Орусияда Куран окуу сынагы болуп өттү

Орусиянын борбор шаары Москвада быйыл 18чи жолу уюштурулган Эл аралык Куран окуу сынагы чоң кызыгуу жаратты.

Орусиянын Муфтийлер кеңеши «Crocus City Hall» концерт залында өткөргөн иш-чарада 32 башка өлкөдөн катышуучулар ат салышты.

Финалга беш катышуучу калган сынакта биринчиликти ирандык хафыз жеңип алса, экинчиликти бахрейндик, үчүнчүлүктү болсо сириялык жарышчы утуп алды.

Байгелүү орунга ээ болгон 3 хафыздын умрага жибериле турганы белгиленди.


Этикеткалар: #хафыздын , #Куран окуу

Тектеш кабарлар