30 - Август Жеңиш Майрамы

Бүгүн боштондук согушу жеңиш менен бүткөн 30 -  Август Жеңиш майрамын белгиленүүдө

798599
30 -  Август Жеңиш Майрамы

Бүгүн боштондук согушу жеңиш менен бүткөн 30 -  Август Жеңиш майрамын белгилеп жатабыз. Биринчи дүйнөлүк согуш Осмон империясынын жеңилиши жана өлкөнүн жерлерин чет элдик күчтөр басып алышына  Греция армиясынын Анадолуну басып алуу кыймылы кошулду. Ушул боюнча бир канча жылга созула турган Боштондук күрөшү башталды. Боштондук согушунун акыркы алкагы 1922 -  жыл 30 -  август күнү жетишилген башкы командирликтин Майдан согушу болду. Бул жеңиш көз карандысыз Түркия республикасынын курулушуна мүмкүнчүлүк түздү. Көз карандысыздыктын негизи армиябыздын жана улутубуздун 30 -  Август жеңиш майрамын куттуктап, бул ыйык жеңишке жетишүүдө кызмат кылган, канын, жанын аябаган жана бул кооз өлкөнү бизге белек кылган аталарыбызды ыраазычылык менен эскеребиз.



Тектеш кабарлар