Таркан Лос Анжелесте концерт берди

Таркан «перилер шаарынын» эң престиждүү сахналарынан The Novo by Microsoftо  күйөрмандары менен жолугушту

685806
Таркан Лос Анжелесте концерт берди

Түрк поп музыкасынын ырчысы Таркан АКШнын Лос Анжелес шаарында концерт берди. SM Production Groupтун уюштуруусу менен Нью – Йорктогу концерттерден кийин Лос Анжелеске барган Таркан «перилер шаарынын» эң престиждүү сахналарынан The Novo by Microsoftо  күйөрмандары менен жолугушту. Таркан Лос Анжелестеги концертинде дүйнөгө белгилүү түркчө жана англис тилиндеги ырларын аткарды.

АКШдагы концерттеринин акыркы аялдамасы Лос Анжелесте Тарканды жакындан көрүүнү каалаган күйөрмандары эрте менен эрте сааттардан баштап концерт боло турган жерде кезекке турушту. Түрк жана Мексика байрактары менен концерт болуучу жерге келген бир группа мексикалык күйөрмандары Таркандын Лос Анжелеске келишине ыраазы болушкандарын билдирип, ырчыны Мексикага чакырышты.



Тектеш кабарлар