ТРТ менен AFAD кызматташат

ТРТ, даректүү тасмалары, мультфильмдери жана атайын программалары менен сириялык баш калкалоочулардын да үнү жаңырган канал болот.

672401
ТРТ менен AFAD кызматташат

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) аркылуу баш калкалоочулардын үнү дүйнөгө дагы күчтүү жаңырат...

ТРТ, даректүү тасмалары, мультфильмдери жана атайын программалары менен сириялык баш калкалоочулардын да үнү жаңырган канал болот.

Бул тармакта жүргүзүлө турган иштер үчүн ТРТ менен апаат жана курч кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) ортосунда кызматташтык протоколуна кол коюлду.

Протоколдун алкагында AFADдын сириялык баш калкалоочуларга карай жүргүзгөн иштери, TRT World каналы аркылуу эл аралык аренада таанытылат.

Чатыр шаарчаларда болуп жаткандар, төрөлүүлөр, өлүмдөр, улгайган баш калкалоочулардын аңгемелери, билим берүү жана саламаттык сактоо иш-чаралары менен AFADдын жардамдары, ТРТ даярдай турган даректүү тасмаларга тема болот.

Баштан өткөн азап кайгылар сириялык балдардын өз оозунан угулат. ТРТ, сириялык бала баатыр туурасында мультфильм даярдайт. Ошол мультфильм менен балдар апаат жана кырсыктарга карата маалыматтандырылат.

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, кол коюу аземинде сүйлөгөн сөзүндө кызматташтыктын маанисин түшүндүрүп, протоколдун мындан кийинки иштерге жакшы жол ачып беришин тиледи.

Гөка: «Бул протокол камсыздаган мүмкүнчүлүктөр менен ар түрдүү мекемелерди иштерибизге кошобуз жана ошондой эле баш калкалоочуларга байланыштуу иш-чараларды дагы кеңири түрдө бүткүл дүйнөгө угузабыз»,-деди.

AFADтын төрагасы Мехмет Халис Билден болсо, ТРТнын бардык тармакта AFADдын жанында боло турганын белгилеп, бул протокол менен мындан кийин жасала турган иштердин дагы тартиптүү жана өлчөлсө боло тургандай жерге жеткириле турганын баса белгиледи.

Билден: «Орто эсеп менен 6 жылдан бери Президентибиздин ачык каалга саясаты менен 3 миллион чакты баш калкалоочуну багып жатабыз. Өлкө катары бардык мекемелерибиз, элибиз менен карапайым калкты жактайбыз, бирок мунун дүйнөдө көрүнүп билиниши абдан мыкты экенин айта албаймын. Мындан ары буюрса ТРТбыз ушул жагынан жоопкерчилик милдеттенет. Бул багыттагы иштерибиздин бүткүл дүйнөгө угузулушу керектигин ойлоодомун»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар