Теле-радио жаатындагы кызматташтыгыбызды өнүктүрүшүбүз керек

Кувейттин Анкарадагы элчиси Гассан Юсуф аль-Завави ТРТнын башкы директору Шенол Гөканын кызмат орундугуна келип жолукту.

664995
Теле-радио жаатындагы кызматташтыгыбызды өнүктүрүшүбүз керек

Түркия радио телеберүү мекемесинин башкы директору Шенол Гөка, Кувейт менен берүү тармагында кызматташтыктын арттырылышы керектигин айтты.

Жакында эле кызматка келген Кувейттин Анкарадагы элчиси Гассан Юсуф аль-Завави ТРТнын башкы директору Шенол Гөканын кызмат орундугуна келип жолукту.

Шенол Гөка жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы берүү тармагында кызматташтыктын 25 жыл мурда башталганына көңүл буруп, «Кувейт менен радио-телеберүү тармагында жакшы карым-катнаштарыбыз бар, бирок муну дагы активдүү кыла албай турабыз»,-деди.

Гөка эки өлкөнүн ортосунда бул темада кызматташтыктын арттырылышы үчүн керектүү кадамдар таштала турганын айтып: «Кувейт телеканалы менен араб жана түрк тилиндеги берүүлөрүбүз жагынан кызматташууну каалайбыз. Биргелеше программаларды чыгаруу жана сериал өндүрүү жагынан маданияттары бири-бирине окшош калктардын таанытылышы жана эки тараптуу карым –катнашта болушу үчүн биз да милдетибизди аткарышыбыз керек. Буюрса сиздин келишиңиз жана атайын алектенүүңүз менен муну дагы таасирдүү абалга келтиребиз»,-деди.



Тектеш кабарлар