«Алтын глобус» сыйлыктары ээлерине тапшырылды

Сыйлык тапшыруу аземи АКШнын Калифорния штатынын Беверли-Хиллз шаарында өткөрүлдү.

647038
«Алтын глобус» сыйлыктары ээлерине тапшырылды

«Алтын глобус» сыйлыктары өз ээлерине тапшырылды.

Оскар жана Грэммиден кийин үчүнчү маанилүү сыйлык болгон «Алтын глобус» сыйлыктарын тапшыруу аземи АКШнын Калифорния штатынын Беверли-Хиллз шаарында өткөрүлдү.

Быйыл 74-жолу уюштурулган «Алтын глобус» сыйлыктарына эң мыкты драма тармагында «MOONLİGHT», эң мыкты музыкалык комедия тармагында «LA LA LAND» фильмдери татыктуу көрүлдү.

Драма тармагындагы эң мыкты телесериал «THE CROWN» болду.

Чет тилдеги эң мыкты фильм болсо «Elle» тандалды.

Кейси Аффлек «Manchester by the Sea» фильминдеги ролу менен драма тармагындагы эң мыкты актер болду.

Изабель Юппер «Elle» фильминдеги ролу менен драма тармагында эң мыкты актриса болуп тандалды.

Музыкалык комедия тармагында эң мыкты актер «LA LA LAND» фильминдеги ролу менен Райан Гослинг, ушул эле кинотасмадагы ролу менен Эмма Стоун эң мыкты актриса сыйлыгын алды.



Тектеш кабарлар