Венгер принци Осмон империясына баш калкалаган

Осмон империясына баш калкалаган венгер принци Френк Ракоци экинчинин Текирдагда коопсуз түрдө жашаган үйү учурубузда музей катары корукка алынган.

639013
Венгер принци Осмон империясына баш калкалаган

1299-1923-жылдар аралыгында өкүм сүргөн Осмон империясына баш калкалаган венгер принци Френк Ракоци экинчинин Текирдагда коопсуз түрдө жашаган үйү, түрк коопсуздугу жана меймандостугунун символу катары учурубузда музей катары корукка алынган.

Өлкөсүн 1700-жылдардын баштарында баскынчы Австрияга каршы венгер көтөрүлүшүнүн лидери Френк Ракоци экинчи күтүлгөн жардамдардын келбегени боюнча ийгиликтүү боло алган эмес. Ийгиликсиздигинин себебинен өлкөсүнөн кетүүгө аргасыз болгон Ракоци бир топко дейре алгач Польшада, андан соң Францияда жашады.

Ракоци 1717-жылы Гелиболудан Фракияга келди. Эдирне жана Стамбулдагы убактылуу катталууларынан кийин 1735-жылы дүйнөдөн кайтканга дейре Текирдагдагы үйүндө коопсуз түрдө өмүр сүрдү.

Ал каза болгондон кийин сөөгү учурдагы Словакиянын Кошице шаарына караштуу Борш районуна коюлду. Венгер өкмөтү Осмон империясынын кожоюндугуна ыраазычылык билдирүү максатында Текирдагдагы Ракоци жашаган Осмон архитектурасындагы 3 кабаттуу үйдү 1931-жылы сатып алды.

Музейге айландырылган Барбарос көчөсүндөгү үйүн көрүүгө көп сандаган венгер келүүдө.

Текирдагдын венгер достук коомунун төрагасы Гүнеш Гүрселер, венгер туристтердин Түркияга келүү максаттарынан эң маанилүүсүнүн Ракоци музейин кыдыруу экендигин белгилеп: «Ракоци музейи, Осмон доорунан бери венгер-түрк карым-катнаштарында эң маанилүү борбор болгон. Ракоци музейи үйдөн муйзейге айландырылган күндөн тартып учурубузга дейре түрк-венгер достугунун символу болуп, бул достуктун салмактуу таштарынан бири болду»,-деди.

Ракоци музейинин директору Али Кабыл да Ракоци музейцинин венгер-түрк карым-катнаштарынын артерия тамыры сыяктуу болгонун айтты.

 



Тектеш кабарлар