Стамбулда 13 - Бах күндөрү башталды
Иоганн Себастьян Бахтын сүйүлгөн чыгармаларына көрүүчүлөр абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү
Дүйнөгө белгилүү белгилүү өнөрпоздорду Стамбулда жоолугуштурган жана бул жылы «Бах жана махабат» деген темада өткөрүлгөн «Стамбулда 13 - Бах Күндөрү» башталды.
Бейоглу Гранд Перадагы ачылуу концертинде скрипач-виртуозу шеф Андерс Мустонендин башкаруусундагы Гласперленспиел оркестры сахнага чыкты. Иоганн Себастьян Бахтын сүйүлгөн чыгармаларына көрүүчүлөр абдан чоң кызыгуу көрсөтүштү.
Концерттен мурда көрүүчүлөргө салам берген шеф Мустонен түркчө сүйлөп : «Кутмандуу кеч. Кайрадан Стамбулда болуу кермет. Бүгүн бир гана Иоганн Себастьян Бахтын чыгармаларын аткарабыз»,- деди.
Фестивалдын негизинде EUBO European Union Baroque Ensemble 18- декабрда, Франсуа Фернандес жана Бенджамин Aлард 20 - декабрда, Мириам Aрбоуз жана Бенджамин Aлард 21 – декабрда, Франсуа Фернандес болсо 22 - декабрда искусство сүйүүчүлөр менен жолугушат.