Түрк сериалдарынын жаңы максаты Ыраакы Чыгыш

Түркия АКШдан кийинки эң көп сериал экспорттого өлкө

623740
Түрк сериалдарынын жаңы максаты Ыраакы Чыгыш

Түрк сериалдары Жакынкы Чыгыш жана сериалдары менен белгилүү Латын Америка өлкөлөрүнөн кийин Ыраакы Чыгыш базарына чыгууда.

Түрк сериалдары маданият жана туризм министрлиги менен Стамбул соода кабинетинин кызматташтыгында он жетинчиси 6 – 9 – декабрда Сингапурда боло турган жана 5 миңден ашуун  профессионал катышуучусу менен Ыраакы Чыгыштын эң чоң жарманкеси  болгон Азия тв форумунда орун алат.

Түрк сериал сектору үчүн жаңы бир жер болгон АЕФ Сингапурда биринчи жолу Түркияга стенд ачып түрк сериал продюссерлерине чыгармаларынын таанытылышы жана сатуу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андан башка чет элдик инвесторлорго табигый кино платосу Түркиянын киного тартуучу жерлери таанытылат.

АКШдан кийин «Дүйнөдө эң көп сериал экспорттолгон экинчи өлкө» болгон Түркияда сериал сектору «Миң бир түн», «Эзел», «Фатмагүлдүн күөөсү эмне»,  «Сыла» сыяктуу бир топ сериал өлкөгө миллиондогон доллар киреше алып келүүнү улантууда.

Түрк республикалары менен 2001 -  жылы башталып Балкандар, Жакынкы Чыгыш жана Латын Америка сыяктуу аймактарда кенен жайылган Түркиянын сериал экспортуна байланыштуу сан 2014 -  жылдын акырында 200 миллион доллар болгон болсо өткөн жылы 250 миллион долларга жогорулады. Бул жылы болсо сериал экспортунан алынган киреше 300 миллион долларга жетти.

Ушул күнгө чейин өлкө тышына сатылган 150 түрк сериалы Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Чыгыш Европа, Батыш Европа, Азия, Америка, Латын Америкадагы 100дөн ашуун өлкөдө 500 миллион көрүүчүгө жетти.



Тектеш кабарлар