Паландөкенде лыжа сезону ачылды

Паландөкен лыжа борборунда ачылыш аземи өткөрүлдү

621308
Паландөкенде лыжа сезону ачылды

Эрзурумдун Паландөкен тоосунда лыжа сезону ачылды.

Бийиктиги 3125 метр болгон Паландөкен лыжа борборунда өткөрүлгөн ачылыш аземинде, фейерверктердин коштоосунда лыжа шоу болду.

Абанын температурасы -10 градус болгонуна карабастан келген коноктор спортчулардын шоу программасын кызыгуу менен көрүштү. Өлкөнүн ичинен жана чет өлкөдөн келген көп сандаган коноктор аларды кол чаап коштоп турушту.Иш-чарадан кийин журналисттерге маалымат берген Эрзурумдун губернатору Сейфеттин Азизоглу, 2017-жылдын февраль айында европалык жаштар арасында Кышкы Олимпиада фестивалы (2017 EYOWF) Эрзурумда өткөрүлө турганын эске салып, керек болсо улуттук деңгээлде, керек болсо эл аралык деңгээлде бардык лыжа тебүүчүлөрдү Эрзурумга чакырганын айтты.



Тектеш кабарлар