«Азирети Мухаммед: Алланын элчиси» аттуу кино чоң кызыгуу жаратты

Түркияда 183 миң 524 киши тарабынан көрүлдү.

601180
«Азирети Мухаммед: Алланын элчиси» аттуу кино чоң кызыгуу жаратты

Ирандык режиссер Мажид Мажиди тарткан жана Түркияда 28-октябрда көрсөтүлө баштаган Мухаммед пайгамбарыбыздын балалык жана жаштык чагы менен Исламдын жаралышын түшүндүргөн «Азирети Мухаммед: Алланын элчиси» аттуу кинотасма Түркияда 183 миң 524 киши тарабынан көрүлдү.

Сценарийин Мажид Мажиди менен Камбузией Партови жазган фильмди тартуу 5 жылга созулду.

Бул кино үчүн Мекке жана Медине платосу даярдалды. Үч жылдын ичинде аяктаган платолордо дагы 40 жыл тарыхый фильмдер тартыла турчу платформа түзүлдү.

Кино үчүн өзгөчө Ирандын Хорасан шаарынын түштүгүндөгү Аллахьяр айылына ошол мезгилдеги Меккени чагылдырган атайын жай курулду.

Жалпы 30 миллион доллар сарпталган жана 2015-жылы тартылып бүткөн кинонун эффектилерин Оскар сыйлыктуу Скотт Андерсон менен Витторио Стораро жаратты.

Атактуу оюнчулар роль алган кинотасма түркчө дубляж менен көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар