Грециядагы түрк кино күндөрүнө Бурак Өзчивит чакырылды

15 -  октябрда аяктай турган фестивалда жакынкы мезгилдеги түрк киносунун эл аралык деңгээлге жеткен кинолор көрсөтүлөт

589791
Грециядагы түрк кино күндөрүнө Бурак Өзчивит чакырылды

Түркиянын афина элчилигинин маданият жана таанытуу кеңешчилиги тарабынан өткөрүлгөн фестивалдын ачылышына элчи Керим Урас менен актер Бурак Өзчивит да катышты.

Фестивалдын ачылышында өткөрүлгөн пресс жыйында сөз сүйлөгөн элчи Урас өзүнүн милдетинин өлкөлөр арасында көпүрө куруу экендигин белгилеп : «Бул жердеги акыркы күн тартип мен үчүн абдан жакшы коштошуу белеги болду»,- деди. Бурак Өзчивит да : «Грецияда сиздердин үйлөрүңүздөргө конок болуудабыз. Биздин аткарган ишибиздин канчалык чоң экендигин көрсөтүүдө. Шаарды кыдырдым. Түркчө билген, түркчөнү үйрөнгөн кишилердин бар экендигин көрдүм.  Сериалдардын ушундай да таасири бар»,- деди.

15 -  октябрда аяктай турган фестивалда жакынкы мезгилдеги түрк киносунун эл аралык деңгээлге жеткен кинолор көрсөтүлөт.

Өзчивит башкы ролду ойногон «Кардешим беним» аттуу кино менен баштала турган фестивалда Чаган Ырмак режиссеру болгон «Унутурсам фысылда», Эмин Алперендин «Тепенин арды», Каан Муждечинин «Сивас», Дервиш Заимдин «Балык», Толга  Карачевиктин «Сармашык» жана Нури Билге Жейландын Канн сыйлыгын алган киносу «Бир заманлар Анадолуда» грек көрүүчүлөрүнө тартууланат.



Тектеш кабарлар