Венеция кино фестивалында бир түрк

Италияда быйыл 73-уюштурулган Венеция кино фестивалы аяктады.

569332
Венеция кино фестивалында бир түрк

Венеция кино фестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгы «Чоң дүйнө» киносу менен катышкан түрк режиссору Реха Эрдемге ыйгарылды.

Италияда быйыл 73-уюштурулган Венеция кино фестивалы аяктады.

Фестивалдын чоң сыйлыгы «Алтын арстанды» филиппиндик рефиссер Лав Диастын «The Woman Who Left»  кино тасмасы жеңип алды.

Диас сыйлкты алып жаткандагы сөзүндө чоң сыйлыкты филиппин калкына жана адамзатка арнаганын белгилеп кетти.

Венеция шаарындагы Лидо жарым аралы кожоюндук кылган дүйнөнүн эң эски кино фестивалында түрк режиссер да сахнага чыкты.

Түрк киносунун устат режиссерлорунан бири Реха Эрдем «Чоң дүйнө» тасмасы менен калыстар тобунун атайын сыйлыгына ылайык көрүлдү.

Эң мыкты режиссерго берилген «Күмүш арстан» сыйлыгы да АКШдан режиссер Том Форддун «Nocturnal Animals» киносуна берилди.

Фестивалда эң мыкты эркек оюнчу сыйлыгын «The Distinguished Citizen» фильминдеги ролу менен аргентиналык актер Оскар Мартинез жеңип алса, эң мыкты аял оюнчу сыйлыгы «La La Land» киносундагы ролунан улам АКШлык Эмма Стоунго ыйгарылды.



Тектеш кабарлар