Cafe Societyнин Түркия бет ачары
Бет ачар Стамбул кино фестивалы жана «Бир» фильм кызматташтыгы менен Rexx кино – театрында өтөт
Көптөгөн сыйлыктардын ээси Вуди Алленанын акыркы киносу Cafe Societyнин Түркиядагы бет ачары 9 - авугст шейшемби күнү Стамбул кино фестивалы жана «Бир» фильм кызматташтыгы менен Rexx кино – театрында өтөт.
2016 Канн кино фестивалынын ачылышын аткарган кино катары көрсөтүлгөн «Cafe Societyнин» оюнчуларынын арасында Жесси Айзенберг, Кристен Стюарт, Блейк Лайвли, Поузи, Стив Карелл, Корел Столл жана Шерил Ли сыяктуу белгилүү ысымдар да роль алышты.
Нью – Йорк жана Голливуддун 1930 - жылдардагы баяны сүрөттөлгөн кинонун мазмуну кыскача төмөнкүчө : зергер соодагери бир үй – бүлөнүн Бронкста туулган кичүү уулу Бобби Дорфан атасынын зергер дүкөнүнөн тажап таякеси Филиптин жанына Голливудга барат. Мезгилдин эң популярдуу кино жылдыздарынын менеджерлигин аткарган Филиптин агенттигинде иштей баштаган Бобби Голливуддун чыр – чатактуу, ушак айыңдуу жана сулуу аялдары менен башка бир чөйрөгө кирет.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.