Төңкөрүш аракети Түркияга болгон кызыгууну азайткан жок
Жайкы эс алууну Түркияда өткөрүүнү пландаган Македония жана Босния-Герцеговинанын атуулдары, акыркы абалга карабастан эс алуу пландарын жойгон жок.
Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) төңкөрүш аракети Македония жана Босния-Герцеговинанын атуулдарынын Түркияга болгон кызыгуусун солгундаткан жок.
Жайкы эс алууну Түркияда өткөрүүнү пландаган Македония жана Босния-Герцеговинанын атуулдары, акыркы абалга карабастан эс алуу пландарын жойгон жок.
Түркияда абал тынчып калгандан кийин Македониядан Антальяга каттамдар мурдагысындай эле жүрө баштады.
Түркиядагы абалга карабастан атуулдардын Түркияда эс алуудан баш тартышпай Анталья дагы эле эң чоң кызыгууну тарткан эс алуу дареги болушун улантууда.
Босния-Герцеговинада ишин жүргүзгөн туризм агенттиктери да төңкөрүш аракетине карабастан Түркияга келүүнү каалагандарын билдиришти.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.