9-Эл аралык Фетхие фестивалы

Фестиваль 15-майга чейин уланат

489979
9-Эл аралык Фетхие фестивалы

Мугланын туристтик борбору Фетхиеде уюштурулган 9-Эл аралык Фетхие фестивалынын алкагында «Дүйнөлүк музыка шаң-шапаты» аттуу ачылыш концерти болду.

Бешказа аянтында өткөрүлгөн 9-Эл аралык Фетхие фестивалында АКШ, Иран жана шотландиялык ырчылар ар түрдүү музыкалык аспаптардын коштоосунда дүйнөлүк музыкалардан тандаган ырларды аткарып беришти.

Концертти көп сандаган киши кызыгуу менен көрдү.

Иш-чаранын уюштуруучусу Мине Сармыш Чайлак фестивалдын алкагында Иран, Шотландия, АКШ, Орусия жана Грециядан ырчылардын өз ырларын тартуулап жаткандарын белгиледи.

Концерттин 15-майга чейин уланаарын сөз кылган Чайлак: «Ырчылар өздөрүнө таандык музыкалык аспаптар менен өз ырларын аткарып беришүүдө. Ар башка өлкөлөрдүн маданияттарын музыка жолу аркылуу да тааныткан болобуз. Бул болсо маданияттар аралык өз ара байланышты камсыздоодо»,-деди.



Тектеш кабарлар