Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТга 52 жыл...

ТРТнын башкы директору Шенол Гөка жана аны коштогон делегация Аныткабырга барып Ататүрктүн жаркын элесин эскерип гүлчамбар койду.

482080
Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТга 52 жыл...

Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТнын 52 жылдыгы

ТРТнын курулган күнүнөн улам ТРТнын башкы директору Шенол Гөка жана аны коштогон делегация Аныткабырга барып Ататүрктүн жаркын элесин эскерип гүлчамбар койду.

ТРТнын башкы директору жана аны коштогон топ арстандуу жол менен басып барып таазим кылды.

Андан соң мавзолейге гүлчамбар койгон топ, аны улай «Мисак-и Милли» мунарасына өттү.

Аныткабырдын атайын дептерине кол койгон ТРТнын башкы директору Шенол Гөка, дептерге ТРТнын 52 жылдан бери Республика жарыгы астында кызматын сунуп келе жатканына көңүл бурду.

ТРТнын ишеничтүү кабарчылыктын дареги болгонун белгилеген Гөка: «ТРТ учурда эл аралык берүүлөрү менен дүйнөнүн эң чоң медиа мекемелеринин арасынан ордун таап, өлкөбүздүн күчүн жана үнүн бүткүл дүйнөгө жеткирүүдө»,-деди.

Гөка, максаттарынын ТРТнын ордун дагы жогорку катарларга жеткирүү болгонун белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар