Венада түрк киносу
"Түрк кино кечеси» аттуу иш чарада «Дарбыздын кабыгынан кайык жасоо» аттуу кино көрсөтүлдү
Австриянын борбор шаары Венада Юнус Эмре институту тарабынан биринчи жолу өткөрүлгөн «Түрк кино кечеси» аттуу иш чарада «Дарбыздын кабыгынан кайык жасоо» аттуу кино көрсөтүлдү.
Режиссерлугун Ахмет Улучай аткарган, 2004 - жылы тартылган узун метраждуу кинодо бирөөсү дарбыз саткан кишинин, бирөөсү болсо чач тарачтын жанында иштеген эки баланын айылдарына кино алып келүү үчүн кылган аракеттери баяндалган. Австралиялык жана түрк кино сүйүүчүлөр көргөн кино 2004 – жылы Стамбул кино фестивалында жылдын эң жакшы кино сыйлыгына ылайык көрүлгөн.
Институт ай сайын түрк киносунун маанилүү жана сыйлык алган кинолорду көрсөтүүнү пландап жатат.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.