Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз

1 миң 111 караттык алмаз табылды

367470
Дүйнөдөгү экинчи чоң алмаз

Африка өлкөсү Ботсванада дүйнөнүн эң чоң экинчи алмазы казып чыгарылды.
Канадалык кен байлык иштетүүчү компания казып чыгарган 6,5 см, 5,6 см жана 4 см көлөмүндөгү алмаз толук 1 миң 111 караттык.
Бул компания ушул эле жерде 813 карат жана 374 караттык дагы эки алмазды тапканын маалымдады.
Дүйнөдөгү эң чоң алмаз болсо 1905-жылы Түштүк Африкада чыгарылган.
3 миң 106 караттык алмаз бир канча бөлүккө бөлүндү. Эң чоң эки бөлүгү болсо Англияда королдуктун баалуу таштарынын арасында орун алууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар