Жон Леннондун гитарасы 2,4 миллион долларга сатылды

Леннон бир жыл бою черткен гитар, 1963-жылы бир концерт убагында жоголгон.

364724
Жон Леннондун гитарасы 2,4 миллион долларга сатылды

«Тне Битлис» тобунун мүчөсү 1980-жылы Нью-Йоркто өлтүрүлгөн, согушка каршы чыккан атактуу музыкант Жон Леннондун гитарасы АКШда уюштурулган аукциондо 2,4 миллион долларга сатылды.
«Жулиан» атындагы аукцион үйүнүн жарыясында, Леннондун «Love Me Do» жана «I Want to Hold Your Hand» аттуу ырларын жазып жатканда жана буларды жаздырганда черткен акустикалык гитаранын 2,4 миллион долларга сатылганын билдирди.
Леннон бир жыл бою черткен гитар, 1963-жылы бир концерт убагында жоголгон. Кийинчерээк бир кишинин 1960-жылдарда 275 долларга сатып алган гитаранын атактуу музыкантка таандык экени белгиленген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар