ТРТнын дагы бир ийгилиги-4К...

ТРТ дүйнөдө 4К берүүсүн алгачкылардан болуп эфирге чыгарат.

356416
ТРТнын дагы бир ийгилиги-4К...

Дүйнөдөгү бир топ берүү мекемелеринен мурда 4К берүү базасын курган ТРТ, алгачкы берүүсүн аткарууда.
4К берүүлөрүнө атайын каналын февраль айында ТҮРКСАТ 2А аркылуу ишке киргизген ТРТ, 22-октябрда УЕФА Европа лиасында боло турган Фенербахче-Аякс беттешүүсүн 4К каналынан экранга чыгарат.
ТРТнын башкы директору Шенол Гөка Стамбулда уюштурган маалымат жыйынында: «Ийгилик сезими бизди тынымсыз камчылайт»-деп айтты.
Гөка ТРТнын телеберүүдөгү илгерилөөсүн радиого да алып барууга даяр болгонун белгилеп өттү.
ТРТнын Digital Audio Broadcasting (DAB) (санариптик аудио берүү) стандартында берүүнү аткара турган жабдуусу бар экенин эске салган башкы директор Гөка, радио жана уюлдук телефон өндүрүүчүлөргө да DAB стандартына көмөк көрсөтүүчү аппараттарды өндүрүү үчүн чакырык таштады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар