Стамбулдагы Кылымдык даамдар жана көркөм өнөр жарманкеси
«Кылымдык даамдар жана көркөм өнөр» аттуу жарманке жергиликтүү калк жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда.
Стамбулдагы «Султанахмет» аянтында Рамазандан улам жайылган «Кылымдык даамдар жана көркөм өнөр» аттуу жарманке жергиликтүү калк жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тартууда.
Учу байыркыга чейин жеткен жана кесиптер көргөзмөгө коюлган жарманке, тарыхый аянтта ооз ачкысы келгендердин да чубаган жери болду.
Тарыхый аянттагы жарманке эбру, фарфор, алтын кооздоолору, килем токуу сыяктуу өтмүшү абдан илгеркиге таянган кесиптерге таандык стенддерди тартуулоодо.
Ооз ачуу убагынын жакындашы менен тарыхый аянтка жайылган үстөлдөр адамдардын үйлөрүнөн алып келишкен бири-биринен даамдуу тамактарга толот.Азан үнү угулганда аянттагылар бирге ооз ачышат. Ооз ачуудан кийин салттык жарманкедеги Осмон ичимдиктерине талап көбөйөт. Бул иш-чарага чет элдиктер да абдан кызыгып катышууда.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.