Шокалад менен тарыхка сапарга чыгуу

Музейде шокаладдан жасалган мультфильм каармандары да абдан чоң кызыгуу көрүүдө

261024
Шокалад менен тарыхка сапарга чыгуу

Стамбулдагы бир музей шокаладдан жасалган Султанахмет мечити, Аясофия музейи жана Кыз Мунарасы сыяктуу чыгармалар менен зыяратчыларынын кызыгуусун тартууда.
Эсенюртта 25 миң метр квадраттык заводдо курулган шокалад музейинде балдар менен чоң кишилер үчүн долбоорлонгон шокалад дүйнө көңүлдөрдү бурууда.
Зыратчылар музейге киргенде какао данегинен баштап шокаладдын кантип жасалары жана кооздолушу тууралуу маалымат алышат. Өзгөчө балдар шокаладдан жасалган көчөгө киргенде таң калууларын жашыра алышпайт. Балдар шокаладдан жасалган Нухтун кемесин жана ичиндеги шокаладдан жасалган жаныбарларды көрө алышат. Шокалад каалгадан музейдин Стамбул бөлүмүнө өткөн зыяратчылар бул жерде Аясофия музейин, Султанахмет мечити, Кыз мунарасы жана көпүрөлөр сыяктуу шокаладдан жасалган чыгармаларды көрүп, башка бир бөлүмдөн да Мустафа Кемал Ататүрктү, Альберт Эйнштейин, Мевлана Желаледдин Руми, Фатих Султан Мехмет, Ван Гог сыяктуу тарыхта из калтырган ысымдардын шокаладдан жасалган бюсттары орун алган. Музейде шокаладдан жасалган мультфильм каармандары да абдан чоң кызыгуу көрүүдө.


 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар