Түрк кофесинин 500 жылдык тарыхы Топкапы сарайында
Түрк кофесина арналган көргөзмө ачылды
Топкапы сарайынын музейи менен түрк кофе маданияты жана иликтөөлөр коому кофенин 500 жылдык баянын көрсөтүү максатында кофе жана кофе маданиятына арналган чыгармаларды чогултту.
«Бир ташым ырахат, түрк кофесинин 500 жылдык баяны» деген көргөзмө Топкапы сарайынын музейинде маданият жана туризм министри Өмер Челик тарабынан ачылды. 800 объектиден турган көргөзмөдө кофе өсүмдүгүнүн ботаникалык өзгөчөлүктөрү, дүйнөгө жайылуусу жана бышыруу техникалары орун алды. Көргөзмөдөн осмондукка Кануни Султан Сүлейман мезгилинде кирген кофенин жараткан социалдык чөйрөгө, сунуу маданиятына, 16 - кылымдан 20 - кылымга катталган буюмдарды көрүүгө болот.
Министр Өмер Челик маданият министрлигинин 2013 – жылы түрк кофеси маданияты жана салтынын ЮНЕСКО адамзаттын так болбогон маданий мурас тизмесине кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөнүн белгилеп : «Ушундайча биринчи жолу ичимдиктер тууралуу маданият жана салттар түшүнүгү ЮНЕСКО маданий мурас тизмесине киргизилген болду»,- деди.
ЮНЕСКО Түркия улуттук комиссиясынын төрагасы профессор Өжал Огуз да 2013 - жылдан баштап түрк кофесинин түрктөрдүкү болгондой эле адамзаттын да орток мурасы экенин айтты.
«Бир ташым ырахат, түрк кофесинин 500 жылдык баяны» көргөзмөсү 15 - июнга чейин зыяратчыларын тосуп алат.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.