Стамбулдан Римге чейин сүрөт көргөзмөсү

Инжедайы туулуп өскөн Стамбул менен көптөгөн жылдар жашап келген Римди сүрөт көргөзмөсүндө жолугуштурду

201976
Стамбулдан Римге чейин сүрөт көргөзмөсү

Түрк сүрөтчү Тимур Керим Инжедайы туулуп өскөн Стамбул менен көптөгөн жылдар жашап келген Римди сүрөт көргөзмөсүндө жолугуштурду.
«Тарыхтын үнү Рим жана Стамбул» аттуу көргөзмө маданият жана туризм министрлиги менен Түркиянын Рим элчилигинин кошкон салымы менен 30 - январь, 1 - март күндөрүнүн арасында Италиянын борбор шаары Римде санат сүйүүчүлөрүнө сунушталат.
Чыгармалар андан кийин да Стамбулда көргөзмөгө чыгат. Карьеринде көптөгөн көргөзмө ачкан Инжедайынын бул көргөзмөсү Стамбул жана Римдин символу болгон эстелик жана калдыктар орун алган 50 чыгармадан турат. Теги абдан эскиге барган бул эки шаардын көптөгөн окшош жактары бар экенин айткан Инжедайы Римден жана Стамбулдан абдан чоң цивилизациялардын келип кеткенин, ушунун саясында бул шаарлардын маданий жактан абдан бай экенин айтты. Инжедайы түрктөрдүн Стамбулду басып алуусунан кийин бул байлыкка, керек болсо өз маданияттары менен керек болсо дин жагынан азчылыктарга тааныган эркиндиги менен салым кошконуна көңүлдөрдү бурду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар