Эболага каршы күрөшүүчүлөр «Жылдын адамы» болушту
Эбола бир гана жарандарга эмес, муну менен күрөшкөн доктур жана медайымдарга да терс таасирин тийгизүүдө.
Эбола менен күрөшүүчүлөр «Жылдын адамы» болушту.
Time журналы эболага каршы күрөшүүчүлөрдү «Жылдын адамы» деп атады.
Журналдын редактору Нэнси Гиббс өзгөчө оорудан жабыр тарткан Батыш Африка өлкөлөрүндө жана дүйнөнүн көптөгөн аймагында эбола менен күрөшкөн Чек тааныбаган доктурлар уюму, эл аралык жардам уюму Samaritan Purse сыяктуу жарандык коомдук уюмдарда эмгектенген доктур жана медайымдарга ырахмат айтты.
Эбола менен күрөшкөн доктур жана медайымдардын чоң эрктүүлүк жана сабырдуулук көрсөткөндөрүн сөз кылган Гибсс, бул оору бир гана жарандарга эмес, муну менен күрөшкөн доктур жана медайымдарга да терс таасирин тийгизгенин баяндады.
Тектеш кабарлар
Дүйнөдөгү эң кары адам Томико
"Дүйнөдөгү эң кары адам" 117 жаштагы испаниялык Мария Браняс 20-августта көз жумган.